Таиландда автобус жол кырсыгына кабылып, 36 адам жабыркады

Дүйнө 14 март 2025 15:24
Таиландда автобус жол кырсыгына кабылып, 36 адам жабыркады

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.03.25. /Кабар/. Таиландда автобус жол кырсыгына кабылып, 36 адам жабыркады.

Известия маалымдагандай, Таиланддын Пхетчабури провинциясында чет элдик эс алуучуларды ташып бара жаткан туристтик автобус жолдон чыгып, электр мамычасын сүзгөн.

Полиция иликтөөнүн жүрүшүндө автобустун айдоочусу өзүн жаман сезип, унааны башкара албай калгандыгын аныктаган.

Кырсыкта ар кандай жаракаттарды алган туристтер ооруканага жеткирилип, алардын ичинен үч кишинин абалы оор экени айтылды.