Таалатбек Масадыков 2026-жылдан баштап ЖККУнун башкы катчысы болот

Саясат Загрузка... 25 Ноябрь 2025 12:00
WhatsApp Image 2025-11-25 at 09.03.10.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Таалатбек Масадыков 2026-жылдан баштап Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы болот. Бул тууралуу Россиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков брифингде билдиргенин, ТАСС жазды.

Маалыматка ылайык, ЖККУнун башкы катчысы учурда казакстандык Имангали Тасмагамбетов. Анын ордуна 1-январдан тартып Таалатбек Масадыков келет.

Ал бүгүнкү күндө ЖККУнун башкы катчысынын орун басары кызматында.

Россиянын президентинин жардамчысынын айтымында, Тасмагамбетов Бишкекте өтө турган саммитте "Эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери жана сессиялар аралыгындагы мезгилдеги ЖККУнун ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары" деген аталыштагы баяндама жасайт.

Бардык процедуралар аяктагандан кийин, саммитте ЖККУнун башкы катчысы Тасмагамбетовго ЖККУнун биринчи даражадагы Ардак төш белгисин тапшыруу аземи өтөт.