Таалай Базарбаев ээлеген кызматынан бошотулду

Кадрлар жана дайындоолор 13 декабрь 2025 00:04
Таалай Базарбаев ээлеген кызматынан бошотулду

Бишкек, 13.12.25. /Кабар/. Базарбаев Таалай Чолпонбекович дипломатиялык кызматынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу Кыргызстандын Италиядагы элчиси, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы жана Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондундагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.