Төө-Ашуудагы туннелде жол жабылып, куткаруучулар тартылды. Себеби

Коом 25 февраль 2025 11:17
Төө-Ашуудагы туннелде жол жабылып, куткаруучулар тартылды. Себеби
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Төө-Ашуудагы туннелге куткаруучулар тартылып, жол жабылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек– Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы К.Көлбаев атындагы туннелдин ичинде "VOLVO" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа аба тазалоочу вентилятор системасына тийип, унаалардын өтүшүнө кооптуулук жараткан.

Учурда туннель эки тараптуу унаалардын бардык түрүнө убактылуу жабылган. Жерине Бишкек – Ош унаа жолунун 129-чакырымында нөөмөттө турган ӨКМдин ТКККнын 6-ӨМТККВдан 2 куткаруучу жана туннелдин кызматкерлери тартылган.

Кошумча маалымат берилет.