Бишкек, 18.09.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Айдаркен сымап комбинаты" акционердик коомунун учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйында сымап, сурма жана флюориттин олуттуу запастарына ээ болгон стратегиялык маанидеги "Айдаркен сымап комбинаты" ишканасын сактап калуу жана анын өндүрүштүк потенциалын калыбына келтирүү боюнча чаралар талкууланды.
Жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы тиешелүү мамлекеттик органдарга өндүрүштү модернизациялоону тездетүү, ишканалардын финансылык-экономикалык абалын чыңдоо жана рентабелдүү ишин камсыз кылуу, ишканаларга инвесторлорду тартуу, ошондой эле жумуш орундарын сактоо боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.