Сузактын Төш айылында сел жүрүп, 20 үйдүн короосун суу каптады

Кырсык 05 Июнь 2026 11:00
715354231_1681156726369759_1141747242234994542_n.jpg
713146603_1681156689703096_4923294203504807404_n.jpg
714766149_1681156769703088_6651451267477956834_n.jpg
716271003_1681156803036418_2751547649694947214_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгы

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Күн мурун, 4-июнда саат 22:20 чамасында жааган жаандын кесепетинен Сузак районунун Төш айылында сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан билдиришкендей, кокту-колоттордон келген сел суулары айылдагы 20 турак үйдүн короосун каптаган. Анын ичинен эки турак үйдүн кампасына жана төрт турак үйдүн сарайына суу кирген.

"Бүгүн, 5-июнда селдин кесепеттерин жоюу иштерине 21 куткаруучу, 3 мотопомпа, жарандык коргонуу кызматтарынан 42 кызматкер жана жергиликтүү тургундар тартылды", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, учурда тазалоо жана калыбына келтирүү иштери кызуу уланууда.