Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Куткаруучулар Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүнүн Бороондуу жайлоосунда кар көчкү алдында калган жаранды издөө иштерин улантууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-февралда кар көчкү 50 баш койду жана 59 жаштагы малчыны аты менен кошо басып калган.
Ошол убакыттан тарта издөө иштери тынымсыз уланууда.
Буга чейин жалпы 30 баш койдун тарпы табылган.