Суусамыр – Талас – Тараз жолун реконструкциялоо иштери башталды

Аймак 1486 25 Апрель 2025 11:22
Скриншот-23-08-2023-121251.png
494028991_988969930078420_9030662518164338583_n.jpg
492005914_988970173411729_6787512233023818302_n.jpg
492425331_988970040078409_1213179932487932828_n.jpg
492433631_988970123411734_6436800781875815788_n.jpg
492572429_988970070078406_2899947788817090271_n.jpg
493440530_988970223411724_1854098629494665617_n.jpg
Алдыга
Артка
Скриншот-23-08-2023-121251.png
494028991_988969930078420_9030662518164338583_n.jpg
492005914_988970173411729_6787512233023818302_n.jpg
492425331_988970040078409_1213179932487932828_n.jpg
492433631_988970123411734_6436800781875815788_n.jpg
492572429_988970070078406_2899947788817090271_n.jpg
493440530_988970223411724_1854098629494665617_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 25.04.25. /Кабар/. Бүгүн "Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза" долбоорунун курулушуна старт берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага транспорт министри Абсаттар Сыргабаев, президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев, Талас шаарынын мэри, Талас облусундагы райондордун мамлекеттик администрациясынын башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Сыргабаев долбоор ийгиликтүү ишке ашып, элге кызмат кылуусун каалап, төмөнкүлөргө токтолду:

“Суусамыр-Талас-Тараз, 104,6-197,6 км участогу мамлекетибиз эгемендүүлүк алгандан бери бул жолдо оңдоо иштери гана аткарылып келген. Транспорттордун көбөйүшү жана жолдун эскилиги бул жолдо коопсуз жүрүүгө шарт түзө албай калды. Буга байланыштуу, бул долбоордук участок көп жылдардан бери реконструкциялоого муктаж болуп келген. Президенттин жана министрлер кабинетинин чоң салымы жана колдоосу менен бул долбоордук участоктун каржылоо маселеси чечилип, бүгүнкү күндө курулуш иштери башталганы турат", - деди ал.

Министр белгилегендей, долбоор II техникалык категориясына ылайык иштелип чыккан. Калктуу конуштарда 4 тилкелүү, ал эми калктуу конуштардан тышкары участоктордо 2 тилкелүү жол болуп салынат. Калктуу конуштарда жарыктандыруу, тротуар, светофорлор ж. б. жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо элементтери каралган.

Белгилей кетсек, долбоор министрлер кабинетинин Туруктуу өнүктүрүү максаттарына туура келип, иш-чаранын аткарылыш сапатын жогорулатуу аркылуу жетишүү аракеттерин колдойт. Жол Талас облусунун Манас, Айтматов, Бакай-Ата жана Талас райондору аркылуу өтөт.

Участоктун узундугу, реконструкция талап кылына турган бөлүгү — 93 км түзөт.