Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Бүгүн Сингапурда өтүп жаткан сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык суучул Денис Петрашов тарыхый ийгиликке жетишти.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, Петрашов 100 метрге сүзүүдө финалда 58,88 секунд жыйынтык көрсөтүп, үчүнчү орунду камсыздап, коло медалга ээ болду.
Ал 27-июлда 100 метрге брасс стилинде сууда сүзүү боюнча жарышка түшүп, ага жалпысынан 76 спортчу катышкан. Петрашов алгачкы жарышта 8-орунду, жарым финалда 7-орунду ээлеген. 27-июлдагы алгачкы жарыш – 59,53 секунд жыйынтык менен 8-орун, жарым финал – 59,2 секунд жыйынтык менен 7-орун, финал – 58,88 секунд жыйынтык менен 3-орунга татыды.
Белгилей кетсек, Денис Петрашовдун бул медалы Кыргызстандын тарыхында сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатындагы алгачкы байге.