Суу камдаңыз! Эртең Бишкектин батыш тарабында суу өчөт

Коом 3 декабрь 2025 17:23
1764756946_large.jpeg
1764756908.jpeg
Алдыга
Артка
1764756946_large.jpeg
1764756908.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Эртең Бишкектин батыш тарабында суу өчөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 4-декабрда саат 10:00дөн түнкү 24:00гө чейин
Садырбаев көчөсү, Ташауз көчөсү , Циолковский көчөсү, Чукотская көчөсү, Бакаев көчөсү менен чектелген аймакт суу болбойт.

Суу Бакаев  көчөсүндөгү диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндөгү жана Ташауз көчөсүндөгү диаметри 100 мм болгон суу түтүгүндөгү авариялык калыбына келтирүү иштерине байланыштуу өчүрүлмөкчү.

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.