Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. 16-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.
Мэриядан билдиришкендей, ичүүчү сууну пландуу өчүрүү 15-сентябрдан 16-сентябрга жылдырылды.
16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен чектелген аймак, ошондой эле Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасы конуштарында суу өчөт.
Суу берүү “Контррезевуар” суу топтомосунда профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу токтотулат.