Бишкек, 11.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн учурдагы көрсөткүчтөрү жана келечектүү долбоорлору менен таанышты.
Мамлекет башчысына Лейлек районунун акими Асылбек Жеңишбек маалымат берип, 2021–2026-жылдар аралыгында аткарылган иштерге токтолду.
Анын маалыматы боюнча, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн сомдон 864,6 млн сомго чейин өскөн. 2026-жылдын аягына чейин бул көрсөткүчтү 1 млрд 50 млн сомго жеткирүү күтүлүүдө. Ошондой эле 143 ишкана ачылып, 2 миң 124 жумуш орду түзүлгөн. Жалпы көлөмү 1 млрд 200 млн сом болгон инвестициялар тартылып, 356 объект курулуп пайдаланууга берилди. Мындан тышкары, 136,5 чакырым жолго асфальт төшөлүп, бир шаарды жана 13 айыл аймагын таза ичүүчү суу менен камсыздоо иштери жүрүүдө.
Андан соң Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров 2021–2026-жылдары жергиликтүү бюджеттен 358 млн сом өздөштүрүлүп, курулуш тармагында 19 долбоор ишке ашырылганын маалымдады. Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлерине арналган көп кабаттуу үйлөр капиталдык оңдодон өтүп, пайдаланууга берилген. Учурда инвесторлордун каражатынын эсебинен 250 орундуу И. Бектемиров атындагы № 8 жана 384 орундуу Н. Кушматов атындагы № 9 мектептердин курулушу жүрүп жатат.
Презентациянын жыйынтыгында Садыр Жапаров белгиленген долбоорлорду өз убагында ишке ашыруунун жана региондордун экономикалык потенциалын чыңдоого өзгөчө көңүл буруунун зарылдыгын баса белгиледи.