Бишкек, 22.05.25. /Кабар/. Ахматов Султан Маматович экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды.
Ведомствонун маалыматына караганда, ал 20-майда эмгек жамаатына тааныштырылды.
Ахматов Султан Маматович 1969-жылдын 13-июнунда төрөлгөн.
Билими:
- 1993-жылы — Латвиядагы Рига аэронавигация институтун аяктаган;
- 1998-жылы — КР Эл аралык университетинен эл аралык укук боюнча магистрдик даража алган;
- 2003-жылы — Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтун аяктаган.
Эмгек жолу:
- 2025-жылы — экономика жана коммерция министринин орун басары;
- 2024-2025-жылдары — КР президентинин алдындагы Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун Эл аралык кызматташтык жана Туруктуу өнүгүү максаттары бөлүмүнүн башчысы;
- 2021-2022-жылдары — Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору;
- 2019-2021-жылдары — экономика министринин орун басары;
- 2018-2019-жылдары — Экономика министрлигинин Жардам стратегиясы башкармалыгынын башчысы;
- 2015-2018-жылдары — Экономика министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын башчысы.
- 2015-жылы — экономика министринин кеңешчиси;
- 2013-2015-жылдары — Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору;
- 2011-2013-жылдары — Экономика министрлигинин алдындагы Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
- 2009-2011-жылдары — экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары;
- 2007-2009-жылдары — Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин Жардам стратегиясы башкармалыгынын башчысы;
- 2006-2007-жылдары — Экономика жана каржы министрлигинин Жардамды координациялоо бөлүмүнүн башчысы;
- 2005-2006-жылдары — “Шаардык транспорт” долбоору боюнча экономика жана каржы министрлигинин жумушчу тобунун консультанты;
- 2001-2005-жылдары — Финансы министрлигинин Пландуу-гарантиялык инструменттерди көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы;
- 1998-2001-жылдары — Тышкы инвестициялар боюнча мамлекеттик комитетинин Инвестициялык насыялар жана гранттар бөлүмүнүн башчысы;
- 1993-1998-жылдары — "Кыргызстан аба жолдору" улуттук авиакомпаниясынын кыймыл кызматынын улук диспетчери.