Сугатты жакшыртуу: Базар-Коргондо 7 скважина ишке киргизилет

Аймак
Сугатты жакшыртуу: Базар-Коргондо 7 скважина ишке киргизилет
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Базар-Коргон районунда сугат суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында 7 скважинаны ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Сейдикум айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Ай участогунда жаңы скважинадан сыноо иретинде суу чыгарылды.

Иштер капиталдык салымдар беренесинин эсебинен жүргүзүлүп, аймактагы сугат суу маселесин чечүүгө жана дыйкандарды суу менен камсыздоону жакшыртууга багытталган.