Кыргыз киноискусствосунун классиги, улуу сүрөткер Төлөмүш Океевдин айкели ачылды. Айкелди ачууга маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Түрксой уюмунун баш катчысы Султан Раев, Төлөмүш Океевдин кесиптештери жана үй-бүлө мүчөлөрү, жакын туугандары катышты.
Т. Океевдин айкелин орнотууда демөөрчүлүк көрсөткөн Алмазбек Акматов атындагы коомдук фонду. Фонддун төрайымы Сайрагүл Кырчообаева айкелди жасоодо чоң эмгек сиңирген скульптор Садабек Ажиевге жана алыс-жакындан келген конокторго ыраазычылыгын билдирди. Айкел Чүй менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишине, Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма жана сатира театрынын күн чыгыш тарабынан орнотулду.
Эми кыргыз кереметин түптөөчүлөрдүн көч башында туруп, элибизди дүйнөгө тааныткан Төлөмүш Океевдин айкелин алыс-жакындан келген коноктор көрүп, келечек муун анын элине жасаган улуу эмгектери тууралуу ой жүгүртөт жана анын чыгармачылыгына баа берет деп терең ишенебиз.
Төлөмүш Океев – дүйнөлүк деңгээлдеги кинорежиссёр, кыргыз маданиятынын сыймыгы. Ал “кыргыз керемети” деп аталган феномендин башында туруп, кыргыз киносун эл аралык аренага тааныткан инсан.
Төлөмүш Океев 1935-жылы Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында жарык дүйнөгө келген. Ал алгач Ленинграддагы киноинженерлер институтун аяктап, үн режиссёру адистигине ээ болгон. “Кыргызфильм” киностудиясында эмгек жолун баштаган Океев өзүндө бар болгон режиссёрдук жөндөмүн өркүндөтүү үчүн Бүткүл союздук Мамлекеттик Кинематографисттер институтуна барып, кайрадан режиссура боюнча билим алган.
Анын чыгармачылыгындагы башкы темалар – кыргыз элинин тарыхы, табияты жана адамдык тагдырлар, коомдогу көйгөйлөр. Океевдин тасмалары терең философиясы жана эпикалык масштабдуулугу менен айырмаланат.
Төлөмүш Океевдин алгачкы толук метраждуу тасмасы “Бакайдын жайытында” (1966) эски менен жаңынын кагылышын, ата-бабалардын салтын жана жаратылыш менен болгон байланыштарды чагылдырса, жазуучу Насирдин Байтемировдун “Тарых эстелиги” романынын негизинде экрандаштырылган “Отко таазим” кыргыздын чыгаан кызы Уркуя Салиеванын тагдырына арналган. Тасмада 1920–30-жылдардагы коллективдештирүү мезгили сүрөттөлүп, жаш келин Уркуя эскичил көз караштарга каршы күрөшкө чыгат. Ал колхозду баштап, аялдардын эркиндиги үчүн күрөшөт. Уркуя – жөн гана революционер эмес, элдин бактысы үчүн өзүн курмандыкка чалган баатыр аял. Картинадагы оттун символикасы өчпөгөн үмүттүн белгисин чагылдырат.
Океевдин дагы бир олуттуу эмгеги – 1973-жылы экранга чыккан “Көк серек” көркөм тасмасы. Мухтар Ауэзовдун чыгармасынын негизинде тартылган бул тасма адам менен жаратылыштын, боорукердик менен таш боордуктун ортосундагы татаал мамилени изилдеп, “жамандык кайдан келип чыгууда?” деген суроону көрүүчүлөргө коёт. “Көк серек” эл аралык Локарно кинофестивалында дипломго татып, Океевдин режиссёрдук чеберчилигин дагы бир ирет далилдеген. Аталган картина эл аралык “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлгөн, бирок советтик идеологиянын шартында байге алыш мүмкүн болгон эмес.
Чыңгыз Айтматовдун аңгемесинин негизинде тартылган “Кызыл алма” тасмасы үй-бүлөдөгү маселелерди жана адам сезимдерин чагылдырган. Башкы каарман Темирдин орто муундагы жаралуу дүйнөсү, анын ар тараптуу сезимдери көрүүчүнүн ой жүгүртүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк берет.
Андан кийинки эле эмгек – “Улан” тасмасы. Бул тасмада Азат Майрамовдун образында адам тагдыры, ичкилик жана жоопкерчилик темалары чагылдырылган. Майрамов өз ийгилигин сактап кала албай, ичкиликтен улам кызматынан ажырап, үй-бүлөсү менен балдарынан айырылат. Бирок ал акырында турмуштун жүгүн көтөрүп, оң жолго кайтууга чечим кабыл алат.
1984-жылы элдик эпоско негизделип тартылган “Ак илбирстин тукуму” философиялык-эпикалык тасмасы аркылуу Океев экологиялык маселени көтөрүп, адамзат жаратылыштын кожоюну эмес, анын бир бөлүгү экендигин билдирген. Тасмада чектен чыккан адам өз тукумун жана келечегин балталап алат деген ой туюнтулган.
Төлөмүш Океевдин чыгармачылыгы даректүү тасмалардан баштап, көркөм тасмаларга чейин узун жолду камтыган. “Булар жылкылар”, “Бакайдын жайыты”, “Боом”, “Мурас”, “Отко таазим”, “Көк серек”, “Кызыл алма”, “Улан”, “Алтын күз”, “Ак илбирстин тукуму”, “Сүйүү закымы” өңдүү чыгармалары аркылуу кыргыз киносунун дүйнөлүк аренада таанылуусуна чоң салым кошкон.
1993-жылы Түркиядагы ыйгарым укуктуу элчи болуп турганда, Океев түрк тилдүү элдердин маданий уюму ТҮРКСОЙдун түптөлүшүнө түздөн-түз катышып, кыргыз маданиятын, “Манас” эпосун жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын түрк дүйнөсүнө жайылтууга салым кошкон.
2001-жылдын 18-декабрында кыргыз киносу үчүн улуу сүрөткер Төлөмүш Океев дүйнөдөн кайтты. Ал бизге калтырган мурас – кыргыз маданиятынын баалуу эмгектери жана ар тараптуу чыгармачылыгы – түбөлүк сакталат.