Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан муниципалдык коомдук транспорттун катышуусундагы өлүм менен коштолгон жол кырсыгы боюнча "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын жооптуу кызмат адамдарына карата текшерүү жүргүзүлдү.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө аталган ишкананын кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы аныкталган.
"Алар жарым жылдан бери транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылган айдоочунун автобус башкарып, каттамга чыгуусуна жол беришкен. Ошондой эле автобустарды линияга чыгаруу алдындагы техникалык көзөмөл тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөй, кагаз бетинде гана калганы белгилүү болду", - деп айтылат маалыматта.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аталган ишкананын жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, 2026-жылдын 13-июлунда Бишкек шаарынын Жаш Гвардия бульварында муниципалдык автобустун катышуусунда жол-транспорт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 9 жаштагы бала каза болгон.