Спортчу жана машыктыруучуларды колдоо күчөтүлөт. Мыйзам долбоору коомдук талкууда

Спорт 26 август 2026 15:05
Спортчу жана машыктыруучуларды колдоо күчөтүлөт. Мыйзам долбоору коомдук талкууда
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ Жогорку Кеңештин расмий сайтына күн мурун, 25-августта жайгаштырылды.

Мыйзам долбоору көрүнүктүү спортчуларды, Олимпиада оюндарынын чемпиондорун, байге ээлерин жана 1–5-орундарды ээлеген спортчуларды, ошондой эле мамлекеттик колдоону күчөтүү, алардын машыктыруучуларын социалдык жактан коргоо деңгээлин жогорулатуу жана алардын эмгегин таануу максатында иштелип чыккандыгы белгиленди.

Сунушталган мыйзам долбоорунда кандай өзгөртүүлөр камтылган:

  • спортчулар милдеттүү түрдө камсыздандырылат;
  • "Адистештирилген спорттук бөлүмдөр (спорттук роталар)" институту түзүлөт;
  • Олимпиада оюндарында 1–5-орундарды ээлегендиги үчүн мамлекеттик стипендияларды төлөө механизми бекитилет.
  • антидопингдик жана укуктук чыпкалар киргизилет: антидопингдик эрежелер бузулганда, кылмыш жасалган же жарандык өзгөртүлгөндө төлөмдөр сөзсүз түрдө токтотулат;
  • Олимпиада оюндарынын чемпиондорун жана байгелүү орун ээлерин даярдап чыгарган биринчи жана жеке машыктыруучуларды социалдык жактан колдоо көрсөтүөт.