Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосун реконструкциялоо иштери жазында башталат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, оңдоо иштерин мэрия жүргүзөт.
“Учурда жумушчу топ иштеп жатат. Реконструкциялоо иштеринде спорт сарайы көп функционалдуу жайга айландырылат. Имараттын тарыхый көрүнүшү сакталат, ошондой эле бассейн да калтырылат. Комплекс "Жаштык" аренадай болуп өзгөрүп, бардык шарттар каралат”, - деди ал.
Белгилей кетсек, Айбек Жунушалиевге спорт ордосун реконструкциялоону президент тапшырган болчу.