Бишкек, 05.08.26 /Кабар/. Америкалык SpaceX компаниясынын ракета бөлүгү Ай менен кагылышып, жаңы кратер пайда кылды. Бул тууралуу Казинформ жазды.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын башында учурулган Falcon 9 ракетасынын экинчи баскычы Айдын Эйнштейн кратери жайгашкан аймакка кулаган. Салмагы болжол менен 4 тонна болгон бөлүк Айдын бетине саатына 8,7 миң чакырым ылдамдык менен урунган.
Адистердин айтымында, соккунун күчү болжол менен 3 тонна тротилдин жарылуусуна барабар болгон.
Адатта ракеталардын мындай бөлүктөрү пайдалуу жүк орбитага чыгарылгандан кийин Жердин атмосферасына кирип күйүп кетет же океандын алыскы аймактарына түшүрүлөт. Бирок бул жолу ракетанын бөлүгү космосто 18 айдай учуп жүрүп, Жер, Ай жана Күндүн тартылуу күчтөрүнүн таасиринен улам Айга багыт алган.
SpaceX компаниясы бул окуя атайын пландалбаганын жана күйүүчү майдын жетишсиздигинен улам аны алдын алуу мүмкүн болбогонун билдирди.
Окумуштуулар бул окуя Жер үчүн коркунуч жаратпай турганын айтышууда. Бирок алар космосто иштен чыккан ракеталардын калдыктарын туура башкаруу маселесине көңүл буруу керектигин белгилешти.
Бул иштен чыккан ракета бөлүгүнүн Айга кокустан урунган экинчи учуру. Буга чейин 2022-жылы Кытайдын Long March 3C ракетасынын бөлүгү Айдын арткы тарабына түшүп, эки кратерди пайда кылган.