Бишкек, 26.08.26 /Кабар/. Америкалык SpaceX компаниясы Starship космостук кемелерин учуруу үчүн АКШнын Луизиана штатында жаңы космодром курууну пландап жатат. Бул тууралуу Казинформ кабарлайт.
Маалыматка ылайык, жаңы аянтчадан жылына миңдеген Starship кемелерин учууларын ишке ашыруу каралууда.
Жаңы космопорт Луизиананын түштүгүндөгү Вермильон округунда жайгашат. Долбоорго кеминде 100 миллиард доллар инвестиция салуу жана 3 миңден ашык жумуш ордун түзүү пландалууда.
Курулуш иштерин 2027-жылы башталып, ал эми жаңы учурууну 2029-жылы ишке ашыруу күтүлүүдө.
SpaceX компаниясынын билдирүүсү боюнча, жаңы космодром өз алдынча иштеген инфраструктурага ээ болуп, космостук кемелер үчүн күйүүчү май өндүрүп, электр энергиясын өзү камсыздайт.
Учурда Starship системасынын бардык учуруулары Техас штатындагы Starbase аянтчасынан жүргүзүлүп келет.
Компаниянын планы боюнча, Starship системасы келечекте адамдарды Жердин орбитасына жеткирүүдө, спутниктерди учурууда, ошондой эле Айга, Марска жана башка асман телолоруна миссияларды аткарууда колдонулат.