Сот отурумдары милдеттүү түрдө аудио жана видеого жазылат. Мыйзамга кол коюлду

Президент Загрузка... 20 Май 2025 16:16
NazarNews_216666662234044991735726073313275244762 (1).jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 20.05.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 3-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты бөгөт коюу чаралары системасында күрөөнүн ролун күчөтүү жана аны кыйла натыйжалуу колдонууга өбөлгө болуучу механизмдерди иштеп чыгуу, ошону менен бирге, кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө видеоконференц байланышты жакшыртуу болуп саналат.

Ошентип, мыйзамда КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин төмөндөгүлөрдү белгилеген ченемдер менен толуктоо каралган:

− “видеоконференция байланышы” жана “трансляциялоо (онлайн-трансляциялоо)” түшүнүктөрү;

− айыпталуучунун соттук отурумдардын протоколдору менен (анын ичинде аудио- жана видео жазуулар менен) таанышууга жана аларга карата сын-пикирлерди берүүгө, телевидение, радио аркылуу жана (же) Интернет тармагында түз эфир режиминде соттук отурумду трансляциялоону (онлайн-трансляциялоону) колдонуу аркылуу соттук териштирүү жүргүзүү жөнүндө өтүнмө берүүгө укуктары;

− милдеттүү түрдө аудио- жана видео жазуу каражаттарынын жардамы менен соттук отурумдун жүрүшүн жазып алуу;

− аудио- жана видео жазуулардын жоктугу соттун чечимин өзгөртүүгө, кайра кароого же жокко чыгарууга негиздердин бири болуусу;

− кылмыштын оордугуна жараша күрөөнүн минималдуу өлчөмдөрү.