Сот кызматкерлеринин маянасы жогорулап, ипотекалык үйлөр бериле баштады

Коом 15 октябрь 2026 12:25
Сот кызматкерлеринин маянасы жогорулап, ипотекалык үйлөр бериле баштады
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Сот системасындагы акыркы жылдардагы өзгөрүүлөр, кызматкерлердин иштөөсү үчүн түзүлгөн шарттар жана мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн колдоолор тууралуу Жогорку соттун улук референти Айгүл Керимкулова “Кабар” агенттигине маалымат берди.

Анын айтымында, сот системасынын тарыхында биринчи жолу сот кызматкерлерине жеңилдетилген мамлекеттик ипотекалык турак жай алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

“Көпчүлүк кызматкерлердин өз алдынча үй сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан жеңилдетилген шартта ипотекалык турак жай берүү кызматкерлерге чоң жардам жана дем болду.”, - деди ал.

Ошондой эле акыркы жылдары судьялардын жана сот аппаратынын кызматкерлеринин айлык акылары жогорулатылып, сот мекемелеринин материалдык-техникалык базасы жакшыртылганын белгиледи.

“Сот кызматкерлеринин иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлүп, тармактын материалдык-техникалык база чыңдалган. Борбор калаада гана эмес, өлкөнүн бардык аймактарындагы соттор компьютер, интернет жана башка жаңы технологиялар менен камсыздалган”,-деди ал.

Мындан тышкары, сот системасынын ишиндеги ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана жарандар менен байланышты жакшыртуу максатында сот имараттарына QR-коддор орнотулганын маалымдады.

“Сот имараттарындагы QR-коддор аркылуу жарандар соттун иши, судьялар же сот аппаратынын кызматкерлери тууралуу өз пикирлерин, сунуштарын жана сын-пикирлерин билдире алышат. Бул механизм калктын кайтарым байланышын камсыз кылууга жана сот системасынын ишин жакшыртууга багытталган”,-деди Керимкулова.