Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жетекчиси кармалды — Кабар

Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жетекчиси кармалды

Укук тартиби 16 май 2025 11:20
WhatsApp Image 2025-05-16 at 10.24.07 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-05-16 at 10.24.07.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-16 at 10.24.07 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-05-16 at 10.24.07 (3).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-05-16 at 10.24.07 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-05-16 at 10.24.07.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-16 at 10.24.07 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-05-16 at 10.24.07 (3).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жасалма дипломдорду пайдалануу фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан системалык иштердин жүрүшүндө Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жетекчиси М.К.А. тарабынан жасалма диплом колдонулуп жаткандыгы жөнүндө маалыматтар алынган.

Тактап айтканда, М.К.А. 2005-жылдан бери аталган системада иштеп, жумушка орношууда Ички иштер министрлигинин генерал-майор А.Алиев атындагы Академиясын бүтүргөндүгү тууралуу дипломун берген, бирок ал 5-курста (2003-жылы) окуу акысын төлөбөгөндүгү үчүн окуудан чыгарылган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында М.К.А. кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.