Ысык-Көлдө жасалма диплом менен иштеген инспекторлор аныкталды — Кабар

Ысык-Көлдө жасалма диплом менен иштеген инспекторлор аныкталды

Укук тартиби 28 август 2026 16:20
fmo_diplom_107.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. Ысык-Көл аймактык транспорт башкармалыгында эки жаран жасалма диплом менен инспектор болуп иштеп жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, алар жумушка орношууда К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин атынан берилген жогорку билим тууралуу дипломдорду көрсөтүшкөн.

"Текшерүүдө аталган жарандар бул окуу жайларда окубаганы жана көрсөткөн дипломдорунун жасалма экени тастыкталган", — деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Документтерди жасалмалоо” беренеси менен эки кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.