Сот аткаруучулардын ишин өркүндөтүү боюнча жарлыкка кол коюлду

Президент Загрузка... 24 Июнь 2025 12:50
d67ab0b0-da14-11ee-b83b-0f87a864f372.png.webp
copyright icon WWW

Бишкек 24.06.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында аткаруу өндүрүшүнүн системасын жана сот аткаруучулардын ишин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, 2025-жылдын 1-июлунан тартып 2026-жылдын 1-июлуна чейин аткаруу өндүрүшүнүн системасына апробациялык режим киргизилип, анын алкагында соттук актыларды жана башка аткаруу документтерин мажбурлап аткаруу боюнча функциялар жана ыйгарым укуктар Жогорку сотко караштуу Сот департаментинен Башкы прокуратуранын карамагына өткөрүп берилет.

Аталган чечим аткаруу өндүрүшүнүн азыркы моделине мүнөздүү болгон системалык көйгөйлөргө жооп катары кабыл алынды, анын ичинде:

- ички көзөмөлдүн жана аткаруу мониторингинин жетишсиздиги;

- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн начардыгы;

- кадрлардын жана административдик ресурстардын жетишсиздиги;

- процедураларды санариптештирүүнүн жана ачык-айкындуулук деңгээлинин төмөндүгү.

Жарлык ушул көйгөйлөрдү жоюуга жана аткаруу өндүрүшүнүн кыйла натыйжалуу, адилеттүү жана заман талабындагы тутумун түзүүгө багытталган.

Негизги максаттар жана күтүлгөн натыйжалар:

- Сот актыларын аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, бул сот адилеттигинин сөзсүз болушун жана жарандардын жана уюмдардын бузулган укуктарын калыбына келтирүүнү камсыз кылат;

- Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана сот өндүрүшүн санариптештирүү;

- Кеңири көзөмөл жана координациялоо функцияларына ээ болгон Башкы прокуратурага ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү аркылуу институционалдык жоопкерчиликти күчөтүү;

- Жеке сот аткаруучулар институтун өнүктүрүү, бул кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, мамлекеттик системага жүктү азайтууга жана мажбурлап өндүрүү чөйрөсүндө туура атаандаштыкты түзүүгө мүмкүндүк берет.

Жарлыкта каралган чараларды киргизүү сот аткаруучулардын ачык-айкын, ыкчам жана отчеттуу иштөөсү үчүн шарттарды түзөт жана Кыргыз Республикасындагы сот адилеттигин модернизациялоо жана гумандаштыруу боюнча системалуу иштин бир бөлүгү болуп саналат.