Соодагерлерге товарларды легалдаштыруу боюнча түшүндүрүү иштери уланууда - МСК

Экономика 1081 07 Март 2025 09:50
481114955_933588425613132_896570600094608828_n.jpg
481473930_933588348946473_3054759513108453532_n.jpg
481773143_933588562279785_2065264133318358105_n.jpg
481821339_933588372279804_2099665013268417499_n.jpg
481908931_933588575613117_7397579407414287441_n.jpg
481915113_933588302279811_5430520871284009012_n.jpg
481917842_933588352279806_4744872809504242140_n.jpg
482023776_933588395613135_1934196971334341224_n.jpg
482083685_933588338946474_5879452849128080115_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы базарлардын администрациялары менен биргеликте ишкерлерге товарларды легалдаштыруу боюнча түшүндүрүү иштерин улантууда.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуулардын жүрүшүндө баштапкы документтери жок товарларды эсепке коюуга мүмкүндүк берүүчү жаңы кагаз документи – кириштөө документин колдонуу эрежелери түшүндүрүлүүдө.

Алсак, Салык кызматынын жетекчилиги жана кызматкерлери "Аламүдүн базарынын" ишкерлери менен жолугушуу өткөрүштү, ага Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков, профилдик башкармалыктардын жетекчилери, ошондой эле 100дөн ашык ишкерлер катышты.

Бул документ баштапкы эсепке алуу документтери жок болгон же талаптагыдай таризделбеген товарларды каттоого мүмкүндүк берет.

Товарларды 2025-жылдын 1-апрелине чейин гана мыйзамдаштырууга болот.

Салык кызматы салык жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн түшүндүрмөлөрдү жана консультацияларды берүү менен ишкерлерге колдоо көрсөтүүнү улантат.