Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Чет элдик негизги валюталардын курсунун өзгөрүүсүнүн шартында сом туруктуу бойдон калууда.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2025-жылдын январь-сентябрь айларында АКШ долларынын (0,2 пайызга), казак теңгесинин (12 пайызга) жана өзбек сумунун (1,4 пайызга) расмий курсунун бир аз төмөндөшү байкалган. Ошол эле учурда евро 2,7 пайызга, Россия рубли 6,5 пайызга кымбаттады.
2025-жылдын августунда Россия рубли (3,3 пайы) жана казак теңгеси (0,2 пайыз) июль айына салыштырмалуу тиешелүүлүгүнө жараша арзандады. Мында евро ( 1 пайыз) жана өзбек суму (2,9 пайызга) тиешелүүлүгүнө жараша бекемделсе, АКШ доллары өзгөрүүсүз калды.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров Улуттук банктын Бишкектеги жаңы имаратынын ачылыш аземинде сөз сүйлөп, бүгүнкү күндө сом Борбор Азиядагы эң туруктуу валюталардын бири болуп саналат деп билдирген.
Президент экономиканы убакыттын талабына ылайык өнүктүрүүнүн, Улуттук банктын ишмердүүлүгүнүн заманбап багыттарын күчөтүүнүн жана инновацияларды киргизүүнүн зарылдыгын баса белгилеген.

Ошол эле күнү Кыргызстанда 17-ноябрдан тарта 20 жана 50 сомдук номиналдагы банкноттор чыгарыла баштай турганы белгилүү болгон.
Сомдун динамикасына эмнелер таасир этет?
Финансылык жөнгө салуучу орган валюта курсу рыноктук жол менен калыптанарын, ошол эле учурда өлкөдө калкыма алмашуу курсунун режими сакталып жатканын белгиледи. Сомдун өзгөрүүсүнө төмөнкүдөй факторлор таасир этет:
- тышкы сооданын абалы;
- экспорттук жана импорттук баалардын өзгөрүшү;
- Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү инфляциянын жана пайыздык чендердин деңгээлдериндеги айырмачылыктар;
- башка өлкөлөрдүн борбордук банктарынын акча-кредит саясатынын өзгөртүлүшү;
- рыноктун катышуучуларынын божомолдору.
Сомду чыңдоонун орто мөөнөттүү факторлору
Улуттук банктын маалыматы боюнча, улуттук валютанын бекемделишине төмөнкү орто мөөнөттүү факторлор таасир этиши мүмкүн:
- импортту алмаштырууну өнүктүрүү жана тармактардын импортко көз карандылыгын азайтуу;
- ички өндүрүштүн жана экспорттун өсүшү;
- чет өлкөлүк инвестициялардын агылып келиши;
- экономиканын долларлашуусунун кыскарышы.
Финансылык жөнгө салуучу орган валюталык интервенциялар кирешенин туруктуу чегин белгилебестен, курстун кескин өзгөрүүлөрүн тегиздөө үчүн гана жүргүзүлөрүн баса белгиледи.

Валюта рыногунун туруктуулугу
Улуттук банк жылдын аягына карата курс боюнча божомолдорду бербейт, анткени ал суроо-талап менен сунуштун катышы менен аныкталат деп белгилейт.
Өнөктөш өлкөлөрдүн валюталарынын — рубль, теңге, юань — өзгөрүүсү алардын экономикаларынын абалына жана борбордук банктардын саясатына көз каранды.
Ошол эле учурда Улуттук банк Кыргызстандын валюта рыногу жогорку эл аралык резервдердин, ийкемдүү курстук режимдин жана бекем банк тутумунун аркасында тышкы соккуларга негизинен туруктуу деп эсептейт.