Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жарандарды ооруп калганда, майып болгондо, карыганда же багуучусунан айрылганда социалдык жактан колдоого багытталган. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Камсыздандыруу төгүмдөрүн ишканалар, уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, жеке ишкерлер жана мыйзамда көрсөтүлгөн башка жактар төлөөгө милдеттүү.
Төгүмдөрдү төлөө талаптары бузулса, эмгек акы же киреше жашырылган учурда жашырылган сумманын эки эселенген өлчөмүндө айып салынат. Отчетту кечиктиргендерге мыйзамда белгиленген тартипте айып пул каралган. Ал эми төгүмдөр кечиктирилсе, ар бир күн үчүн туум эсептелет.
Белгилей кетсек, 2019-жылдын 1-январынан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу, алардын туура эсептелишин жана өз убагында төлөнүшүн көзөмөлдөө милдети Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлгөн.
Төгүмдөрдү өз убагында жана туура төлөө мыйзам талаптарын аткарууга жана социалдык камсыздандыруу системасынын туруктуулугун сактоого жардам берет.