Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Пенсионерлерге бир айга 9,3 млрд сомдун тегерегиндеги каражат төлөнүп келет. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңиш Мукамбетов “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, быйыл январдан сентябрь айына чейин 85 млрд сомго жакын акча сарпталды.
“Аз угулганы менен бул өтө чоң акча. Мунун көпчүлүк бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ар кайсы тармактарда иштегендердин эсебинен топтолот. Андан сырткары, республикалык бюджеттин эсебинен төлөнүүдө”,-деди ал.