Соцфонд Бишкек менен Оштогу КТБларда пенсия боюнча кызмат көрсөтүүдө

Экономика Загрузка... 17 Март 2025 12:14
1339454.803ff8dffd3a13d2d40782c9d4964541.jpg
copyright icon Соцфонд

Бишкек, 17.03.25. /Кабар/. Бишкек жана Ош шаарларынын жарандарына калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) Соцфонддун терезелери ийгиликтүү иштеп, пенсиялык кызматтардын кеңири спектрин көрсөтүп жатат. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Бишкек шаарындагы КТБнын даректери:

- КТБ-1: 12 кичи район, Нуркамал Жетикашакаева көч. 29;

- КТБ-2: Чолпон-Ата көч. 2;

- КТБ-3: Жаш Гвардия бул. 4;

- КТБ-4: Жибек Жолу пр. 381.

Ош шаарындагы КТБнын дареги

- Касымбеков көчөсү 8 г/1.

КТБлардагы жеткиликтүү кызматтар:

- пенсия чектөөгө;

- пенсияны кайра эсептөөгө;

- пенсиянын өлчөмү жөнүндө маалымкат алууга;

- жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө алуу;

- пенсия төлөөнү узартуу;

- сөөк коюуга ырым - жырым жөлөкпулун алуу;

- пенсияны төлөө каналын алмаштыруу;

- пенсиянын топтоо бөлүгүн алуу боюнча арыз;

- пенсиялык күбөлүк берүү каралган.

Иш убактысы:

Саат 9:00дөн 18:00гө чейин, түшкү тыныгуу 12:30дан 13:30га чейин.

Кененирээк маалымат алуу үчүн жарандао Соцфонддун Call-борборуна 1202 телефону аркылуу кайрылса болот.