Соң-Көлгө 5,2 млн сига-лудога балыгынын чабактары кое берилди

Аймак 1 апрель 2025 09:56
WhatsApp Image 2025-03-31 at 16.36.26.jpeg
WhatsApp Image 2025-03-31 at 16.36.26 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-31 at 16.36.26 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-31 at 16.36.26 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-31 at 16.36.25.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. "Кыргыз балыгы" мамлекеттик ишканасы тарабынан Соң-Көлгө сига-лудога балыгынын чабактары кое берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Тактап айтканда, "Каракыя" участогуна 5 млн 200 миң даана сига-лудога чабактары (орто эсеп менен 1 даана чабак - 45 мг ашык) кое берилди.

Белгилей кетсек, чабактар мамлекеттик ишкананын филиалы болгон Соң-Көл балык чарбасынын инкубациялык цехинде өстүрүлгөн.