Алтынай Алинова ипотекалык үйлөрдөн үч бөлмөлүү батир алды. Анын жолдошу Нурлан Сыдыков талма оорусу менен жабыркайт. Уулунун да майыптыгы бар. Алтынай Алинова 20 жылдан ашуун шаардын четиндеги жаңы конуштарда ижарада батирде жашап келген. Күн мурун, 24-декабрда Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган "Мурас" турак жай комплексинин ачылыш аземи болуп өттү. Аталган комплекс жалпы 4 700 батирди камтыган ири долбоор. Анын алгачкы этабы аяктап, 6 блоктон турган 18 кабаттуу үйлөрдөн 510 батир ээлерине тапшырылды. Президент жеткиликтүү турак жайларды куруу иштери мындан ары дагы ыкчам темп менен улантыларын белгиледи. Ал социалдык турак жай алуу кезегине турган 40 миңден ашуун жаран үй-жайлуу болушарын, көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жеке эле борбор калаада эмес, өлкөнүн ар кайсы аймактарында башталарын айтты.
Сүйүнүчтүн көз жашы. Ижарадагы үйдөн үч бөлмөлүү батирине көчүп жаткан Алтынай Алинова
Тема боюнча
-
Миграция, ишкердик жана 600 сомдук айлык: Маматканов эмне үчүн мамлекеттик кызматка кайткан?
04 Июнь 2026 722 -
Биздин жумуш күнү-түнү элге кызмат кылуу: Министр Бакыт Сыдыков менен маек
03 Июнь 2026 728 -
ЖРТдан 200дөн ашык балл алып, Түркияга акысыз окууга өткөн Берметтин ийгилик сыры
29 Май 2026 1033