Сүйүнчү! Афтандил Таалайбек уулу Азия чемпиону болду

Спорт 7 апрель 2026 19:24
Сүйүнчү! Афтандил Таалайбек уулу Азия чемпиону болду

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Афтандил Таалайбек уулу грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону болду.

Балбан Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалында алтын медаль жеңди.

63 кг салмак ченинде күч сынашкан кыргызстандык спортчу ирандык атаандашы Жарканини 7:2 эсебинде утуп алды.