Сиднейдин пляжында болгон ок атуудан 16 адам каза тапты

Дүйнө Загрузка... 15 Декабрь 2025 09:00
1847fa40-2a04-434c-9623-f3b7cb27b67b.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.12.25 /Кабар/. Австралиянын Сидней шаарындагы Бондай пляжында болгон куралдуу кол салуудан 16 адам каза болуп, дагы 40 адам жаракат алды. Бул тууралуу РИА новости билдирет.

Маалыматка ылайык, жекшемби күнү белгисиз адамдар Бондай пляжында эс алып жүргөн адамдарга ок чыгарган. Окуя Ханука майрамынын алкагында шам жагуу аземи өтүп жаткан учурда болгон. Аталган иш-чарага жергиликтүү еврей жамаатынын өкүлдөрү көп чогулган.

Жабыркагандардын арасында эки полиция кызматкери да бар. Бардык жаракат алгандар Сиднейдеги ооруканаларга жеткирилген. Айрымдарынын абалы оор деп бааланууда.

Учурда окуянын себептери жана кол салгандар тууралуу иликтөө иштери улантылууда.