Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жооптуу кызматкерлеринин атын жамынган телефондук алдамчылык фактылары катталууда.
Ведомстводон билдиришкендей, буга чейин министрликтин бөлүм башчылары Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин жана Балык өнөр жай комплекси департаментинин директорунун атын жамынып WhatsApp тиркемеси аркылуу жалган номерлерден жарандарга далилсиз каттарды жөнөткөн учурлар катталган.
«Министрликтин жогорку кызматында иштейм деген шылуундарга ишенбөөңүздөрдү эскертебиз», - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, мындай алдамчылык схемаларга туш болсоңуз, 102 номуруна чалып, дароо милицияга кабарлаңыз.