Бишкек, 15.09.26 /Кабар/. Швейцариянын Ле-Локль шаарындагы Ulysse Nardin саат компаниясынын жеке музейинен бир нече коллекциялык саат уурдалды. Бул тууралуу ТАСС маалымдады.
Маалыматка караганда, бир нече адам дүйшөмбүгө караган түнү музейге кирип, көргөзмө текчелерин бузуп, андагы коллекциялык экспонаттарды алып кеткен. Учурда келтирилген чыгымдын көлөмү тактала элек, уурдалган буюмдарды инвентаризациялоо иштери жүрүп жатат.
Сигнализация иштегенден кийин күзөтчүлөр окуя болгон жерге келишкен. Бирок музейге кирген жер дароо аныкталбай, уурулук болжол менен бир сааттан кийин билинген. Шектүүлөр окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, август айында да Ле-Локль шаарында ушундай уурулук окуясы болгон. Анда беткапчан төрт адам Шато-де-Мон сепилиндеги Саат өнөрү музейине кирип, 10го жакын эски маятник саатты уурдап кеткен. Кийин Францияда бул тоноого байланыштуу беш адам кармалып, камакка алынган.