Швецияда парламенттик шайлоо өтүүдө

Дүйнө 14 сентябрь 2026 09:50
Швецияда парламенттик шайлоо өтүүдө

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. Швецияда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Алдын ала сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, оппозициялык блок башкаруучу коалициядан алдыга чыкты. Бул тууралуу Интерфакс билдирди.

Оппозициялык блоктун курамына Социал-демократиялык жумушчу партиясы, Солчулдар партиясы, Борбор партиясы жана Жашылдар партиясы кирет. Алар шайлоочулардын 51,3 пайыз добушун алып, парламенттен 183 орун алышы мүмкүн.

Ал эми башкаруучу коалиция 47 пайыз добуш менен 166 мандатка ээ болушу күтүлүүдө. Анын курамында Орточулдар партиясы, Либералдар, Христиан-демократтар жана “Швед демократтары” бар.

Эң көп колдоону мурдагы премьер-министр Магдалена Андерссон жетектеген Социал-демократиялык жумушчу партиясы алып, 28,4 пайыз добуш топтоду.