ШКУнун башкы катчысы Кыргызстанга Нооруз майрамына карата куттуктоо жолдоду

Президент Загрузка... 21 Март 2026 17:40
2123066_0_0_1920_1080_0x540_80_0_0_de570ce9d459ddd497a6e8bb7e96eeca.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 21.03.26 /Кабар/. ШКУнун башкы катчысы Нурлан Эрмекбаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Бул тынчтыктын, сабырдуулуктун жана кайрымдуулуктун символу болгон жаркын майрам Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын резолюциясына ылайык Нооруз эл аралык күнү катары кеңири белгиленет. Сиздин жетекчилигиңиз астында Кыргызстан коңшулаштык мамилелерди бекемдөө, Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өнөктөштүктү тереңдетүүгө олуттуу салым кошуу менен туруктуу өнүгүү жолунда ишенимдүү бара жатат деп ишенебиз. Сизге чың ден соолук, бакубат жашоо жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, гүлдөп-өнүгүү жана бакубатчылык каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.