Бишкек, 01.12.25 /Кабар/. Шайлоодо добуш берүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүптүр. Бул тууралуу Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын орун басары Пяо Янфань брифингде билдирди.
Анын айтымында, участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүү жараянын ачык-айкын жана калыстык принциптерин сактоо менен өткөрүштү.
“Шайлоочулар жогорку жарандык жоопкерчилик менен добуш берип жатышты. Ал эми шайлоо комиссиясынын кызматкерлери кесипкөйлүк жана уюшкандык менен иш алып барды. Алар шайлоочуларга, байкоочуларга жана коомчулукка урмат көрсөтүү менен иш алып барып, жаралган суроолорго дароо жана так жооп берип жатышты”, — деди Пяо Янфань.
Ал шайлоо комиссияларынын иши эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар тарабынан да жогору бааланганын белгилеп, бул Кыргызстандагы демократиялык процесстердин өнүгүп жаткандыгын тастыктайт деп кошумчалады.
“Участкалык шайлоо комиссиялары документтер, маалымат материалдары, байкоочуларды каттоо журналдары, методологиялык көрсөтмөлөр, нөөмөттүк тизмелер жана башка керектүү ресурстар менен толук камсыз болгон.
Шайлоо күнү, өзгөчө аялдар жана жаштар арасында жарандык активдүүлүк жогору болду. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоого катышуу укуктары камсыздалып, техникалык жана коопсуздук чаралары талапка ылайык уюштурулду”,— деп белгиледи байкоочу.