Шүкүр Исмаилов муфтийдин орун басары болуп дайындалды — Кабар

Шүкүр Исмаилов муфтийдин орун басары болуп дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор 23 декабрь 2025 14:50
71c4fcbb-5158-4e03-b823-4ac204cc5e79.jpg
copyright icon Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы

Бишкек, 23.12.25. /Кабар/. Шүкүр ажы Исмаилов Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары болуп дайындалды.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, тиешелүү буйрукка муфтий Абдулазиз Закиров кол койду.

Жогорку билимдүү, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети юриспруденция тармагын бүтүргөн. Ал эми диний билимди Кара-Балтадагы Хазрети Осмон атындагы Ислам институтунан алган.