Шайлоо системасын реформалоого салым кошкондорго мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

Министрлер кабинети 17 Октябрь 2025 16:39
68f21ac118c52.jpeg
68f21ade6cd8e.jpeg
68f21ad9584b0.jpeg
68f21ad9b5c00.jpeg
68f21acac130c.jpeg
68f21aca708de.jpeg
Алдыга
Артка
68f21ac118c52.jpeg
68f21ade6cd8e.jpeg
68f21ad9584b0.jpeg
68f21ad9b5c00.jpeg
68f21acac130c.jpeg
68f21aca708de.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын шайлоо системасын реформалоого чоң салым кошкондорго мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. 

КР мамлекеттик сыйлыктары – Кореянын “Miru Systems Co., Ltd” (Миру Системс) компаниясынын президенти Чон Джинбокко “Даңк” ордени, ал эми “Miru Systems Co., Ltd” (Миру Системс) компаниясынын Кыргызстандагы расмий өкүлү Шыгай Тилекке КР Ардак грамотасы тапшырылды. 

Анда Адылбек Касымалиев Кыргызстан шайлоо системаларын адам факторунан алыстата турган заманбап технологияларды киргизүү аракетин токтотпой келгенин, биометрикалык каттоо системасы, шайлоо процессинде автоматтык эсептөөчү урналардын  (АСУ) киргизилиши, ошондой эле президент Садыр Жапаров шайлоодо административдик ресурстун бир да элементи колдонулбастыгына чекит койгонун билдирди. 

"Бул багытта Кыргызстан Корея менен тыгыз кызматташып келди. Кореянын “Миру Системс” компаниясында жасалган технологиялар шайлоонун так жана айкын болуусун жана ишенимдүү киберкоопсуздукту камсыз кыла алды. Бул система ишенимдүү жана натыйжалуу экенин өткөн жылы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо мезгилинде көрдүк. Сиздерди алган мамлекеттик сыйлыгыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм, биздин кызматташуу мындан ары да үзүрлүү болот деген ишенимди билдирем", - деп сөзүн жыйынтыктады Касымалиев.