Шахматты өнүктүрүү: Президент улуттук программаны бекитти

Президент
Шахматты өнүктүрүү: Президент улуттук программаны бекитти
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Жарлыктын максаты Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу шарттарды түзүү, калктын бардык категориялары жана топтору үчүн шахмат менен машыгуунун массалык формаларын жайылтуу, спорттук резервди даярдоо жана кыргыз шахматчыларынын эл аралык аренада атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.

Жарлык менен төмөнкүлөр бекитилүүдө:

  1. 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүүнүн жана популярдаштыруунун улуттук программасы;
  2. 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүүнүн жана популярдаштыруунун улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы;
  3. Иш-чаралар планынын бюджети;
  4. Улуттук программанын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы.

Эске салсак, шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталган.