Шахбаз Шариф: Пакистан үчүн Кыргызстан Борбор Азиядагы жакын өнөктөш

Саясат 2 сентябрь 2026 18:00
Шахбаз Шариф: Пакистан үчүн Кыргызстан Борбор Азиядагы жакын өнөктөш
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. Пакистан үчүн Кыргызстан Борбор Азиядагы жакын өнөктөш. Бул тууралуу Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф президент Садыр Жапаров менен бирге ЖМКлар үчүн билдирүү жасаганда билдирди.

Пакистандын премьер-министри белгилегендей, эки өлкө экономикалык өнөктөштүктү дагы да практикалык жана жыйынтыктарга багытталган деңгээлге чыгарууну макулдашты.

Бул үчүн эки тараптуу соода жүгүртүүнү 200 млн АКШ долларына жеткирүүгө багытталган комплексдүү чаралардын планы иштелип чыгат.

“Бүгүнкү күндө биздин эки тараптуу соода жүгүртүүбүз болжол менен 16 млн доллардын тегерегин түзөт. Соода жүгүртүүнү жакынкы эки жылда 200 млн долларга чейин көбөйтүү максатында келишимдерге кол койдук. Бул аткарууга мүмкүн болгон милдет. Түштүк Азия менен Борбор Азиянын ортосундагы тыгыз экономикалык интеграциянын өзөгүн транзиттик байланыштар түзөт. Биз сооданы жеңилдетүүгө жана логистиканы жакшыртууга өбөлгө түзгөн макулдашууларды кубаттайбыз. Энергетика тармагындагы кызматташуу — өнөктөштүгүбүздүн дагы бир маанилүү багыты. Биз CASA-1000 долбоорун өз убагында ишке ашыруунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу ырастадык жана гидроэнергетика, кайра жаралуучу энергия булактары боюнча иштерди жүргүзүү үчүн энергетика боюнча бирдиктүү жумушчу топтун түзүлүшүн кубаттайбыз”, - деди Пакистандын премьер-министри.

Ошондой эле Мухаммад Шахбаз Шариф эки тараптын билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо, маданият жана туризм тармагындагы кызматташууну кеңейтип жатканына кубанычта экенин айтты.

“Коопсуздук жана коргонуу тармагындагы кызматташуу да бүгүнкү талкууларыбызда олуттуу орун алды. Биз терроризмге, экстремизмге жана башка заманбап коркунучтарга каршы күрөшүүдө кызматташууну бекемдөө чечимибизди ырастадык. Мындан тышкары, аймактык жана эл аралык актуалдуу маселелерди, анын ичинде экология жана климат көйгөйлөрүн талкууладык”, - деди ал.

ЖМКга билдирүү жасаган учурда Мухаммад Шахбаз Шариф президент Садыр Жапаровду Пакистанга сапар менен келип кетүүгө чакырды..