Ташкент, 08.04.25. /Кабар/. Ташкент шаарында өткөн Парламенттер аралык бирликтин ассамблеясында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев дүйнөдө болуп жаткан чоң өзгөрүүлөр шартында парламенттердин алдында турган орчундуу милдеттерди кеңири баяндап берди. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Алгачкы маселе – дүйнөлүк тынчтык жана коопсуздук маселеси. Президент Мирзиёев азыркы заманда ар түрдүү аймактардагы кагылышуулар адамзат үчүн чоң коркунуч жаратып жатканын айтып, мындай көйгөйлөрдү сүйлөшүү, дипломатия жолу менен чечүү керектигин баса белгиледи. Ал БУУнун Уставы жана эл аралык мыйзамдар гана туруктуу жана акыйкат тынчтыкка жетелейт деп ишеним билдирди.
Экинчи маселе – өзгөчө көңүл бурууну талап кылган багыт – табигый кырдаалдардын өзгөрүшү болуп эсептелет. Мирзиёев климаттын өзгөрүшү өнүгүп келе жаткан мамлекеттер үчүн өзгөчө татаал шарттарды жаратканын айтып, бул багытта парламенттер «жашыл» энергетиканы өнүктүрүүгө жана Париж келишиминдеги милдеттерди аткарууга тийиш деп белгиледи. Жакында эле Самаркандда болуп өткөн климаттык форум бул боюнча эл аралык пикир алмашуу үчүн чоң мааниге ээ экенин айтты.
Үчүнчү маселе – аялдардын коомдогу ордун бекемдөө. Мирзиёев аялдар парламентарийлеринин дүйнө жүзүндө көбөйүп жатканы кубанычтуу көрүнүш экенин белгилеп, Өзбекстан аялдардын укугун кеңейтүү боюнча дүйнөлүк демилгелерди колдоп келатканын эске салды. Ал Азиялык аялдар форуму лидер аялдар саммитин мисал кылып, БУУнун бул багыттагы тиешелүү резолюциясын колдоого чакырды.
Төртүнчү багыт – жаштардын парламенттеги үнүн күчөтүү. Президент жаштарды мыйзам чыгаруу ишине кеңири тартуу керектигин баса белгилеп, Межпарламенттик союздун алкагында Жаштар парламенттеринин эл аралык аянтчасын түзүп, анын биринчи жыйынын Өзбекстанда өткөрүүнү сунуш кылды.
Бешинчи маселе – элдин жашоосун жакшыртуу. Мирзиёев акыркы сегиз жылда Өзбекстанда 7 миллиондой адам жакырчылыктан чыгарылганын, жакырлардын үлүшү 35%дан 8,9%га түшкөнүн билдирди. Быйыл бул көрсөткүчтү 6%га чейин азайтуу максаты коюлуп жатканын айтып, сентябрда өтө турган Эл аралык жакырчылыкты кыскартуу жыйынына башка өлкөлөрдүн депутаттарын чакырды.
Акырында президент заманбап доордо жасалма акылдын таасири күчөп бара жатканын айтып, анын этикалык колдонулушун жөнгө салуучу үлгүлүү мыйзамды биргелешип иштеп чыгууну сунуш кылды.
Сөзүнүн аягында Шавкат Мирзиёев сунушталган демилгелер Парламенттер аралык бирлик 2026-жылга чейинки өнүгүү стратегиясына төп келерин жана булар Ташкент декларациясында камтыларын белгиледи.
Серепчилердин пикиринде, анын кайрылуусу дүйнө парламенттерин биргелешип иш алып барууга чакырган маанилүү демилге болуп эсептелет.
Эске салсак, Парламенттер аралык бирлик 1889-жылы негизделген, 181 парламентти жана 15 аймактык уюмду камтыган дүйнөдөгү биринчи көп тараптуу саясий уюм. Алгачкы жолу Борбор Азияда өтүп жаткан ассамблеяга дүйнөнүн 140ка жакын өлкөсүнөн 2000ден ашык делегат катышууда. Форум "Социалдык прогресс жана адилеттүүлүк үчүн парламенттик кыймыл" урааны астында өтүүдө.