Бишкек, 18.05.26 /Кабар/. Кыргызстанда мал жандыктарын шарп ылаңынан коргоо максатында жогорку натыйжалуу вакцина алынып келип, фермерлерге таратылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сатып алуулар республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен каржыланды.
"Бул жолу сатып алынган дары-дармек Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын ден соолугун коргоо уюмунун (Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү үчүн шарп ылаңы боюнча референс лабораториясы) эл аралык сертификатына ээ. Сапаттуу жана жогорку натыйжалуу вакцинаны өндүрүү максатында 2026-жылдын 10-мартында Россия менен түз келишим түзүлгөн. Натыйжада, бардык лабораториялык көзөмөлдөн ийгиликтүү өткөн 1 млн доза вакцина Кыргызстанга толугу менен жеткирилди", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, буга чейин шарп ылаңына каршы вакциналар жалпы тендер аркылуу сатып алынып келген. Мыйзамга ылайык эң арзан баа сунуштаган каражаттар тандалып алынгандыктан, препараттардын сапаты төмөн болуп, убакыттан да утуштар катталчу. Ал эми мындан ары мындай маанилүү вакциналар түз келишим жолу менен гана сатып алынат. Бул ветеринардык коопсуздукту жана дарынын сапатын кепилдейт.
Мал ээлерине жана фермерлерге эскертүү!
Азыркы учурда вакциналар аймактарга таратылууда. Жер-жерлердеги мал ээлери өз убагында ветеринардык адистерге кайрылып, мал жандыктарын шарп ылаңына каршы алдын ала эмдөөдөн өткөрүүсү зарыл.