Шайназаров: Бир дагы шайлоо тилкесинде жабдуулардын ишинде мүчүлүштүктөр болгон жок

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 10:50
WhatsApp Image 2025-11-30 at 08.41.35.jpeg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Социалдык тармактарда шайлоо тилкелеринде жабдыктардын иштебей калгандыгы тууралуу такталбаган маалыматтар тарап жатат. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.

Ал белгилегендей, система толук иштебей калганда гана үзгүлтүк болду деп айтылат, ал эми учурда эч кандай мүчүлүштүктөр болгон жок.

“Биз бул системаны биринчи жолу колдонуп жатабыз. Мындай система бир дагы өлкөдө жок. Добуш берүү учурунда жарандар жаңылып калып жатышат. Муну адам фактору деп койсок болот. Бирок алар да дароо чечилип жатат. Өлкө аймагындагы жана чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелеринин ар биринде кошумча шайлоо жабдуулары бар: автоматтык эсептөө урналары, адамды таануу жабдуусу, модемдер жана башка техникалык каражаттар жетиштүү”, - деди ал.

Ошондой эле Шайназаров добуш берүү маалында шайлоочулар бюллетенди урнага бетин ылдый каратпай салса, же бюллетенди бүктөсө, бул система үчүн маалыматты окууда тоскоолдук жаратарын айтты.