Шайлоо. Энергетиктер штатык режимде иш алып барууда

Шайлоо 30 Ноябрь 2025 09:23
587292946_18085416143476120_3144222427770754493_n.jpg
586707208_18085416170476120_3383833181666555337_n.jpg
586708954_18085416152476120_8157104374132827985_n.jpg
587021084_18085416179476120_8927252974869267185_n.jpg
587086707_18085416188476120_8300470641879043651_n.jpg
Алдыга
Артка
587292946_18085416143476120_3144222427770754493_n.jpg
586707208_18085416170476120_3383833181666555337_n.jpg
586708954_18085416152476120_8157104374132827985_n.jpg
587021084_18085416179476120_8927252974869267185_n.jpg
587086707_18085416188476120_8300470641879043651_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жаткандыгына байланыштуу өлкө аймагында энергетика кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, негизги максат шайлоочуларды жана шайлоо участокторун үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо болуп саналат.

Анда 1 243 энергетик күнү-түнү кезекке туруп, жалпы 383 ыкчам чыгуучу топ нөөмөттө турушат.

Ыкчам чыгуу үчүн атайын техника жана нөөмөттүк автомашиналар даярдалды. Мындан тышкары, кандайдыр бир кырдаал катталса, авариялык абалды тез калыбына келтирүү үчүн тийиштүү жабдуулар менен камсыздалды.

"Эгерде электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолор пайда болсо төмөнкү номерлерге кайрылыңыздар:

Колл-борбор: 1209, 105. Оператордун мобилдик номери: 0772 001209, 0556 001209, WhatsApp номер - 0702 001209", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат.