Шайлоого даярдык: Бишкекте шайлоо участкалары текшерилди

Коом Загрузка... 12 Ноябрь 2025 12:52
1762872415_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында Бишкек мэринин орун басары Виктория Мозгачева №1075, №1076 жана №1077 участкалык шайлоо комиссияларын жеринде текшерип чыкты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүү учурунда шайлоо участокторун материалдык-техникалык жактан камсыздоо, шайлоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Текшерүүнүн жыйынтыгында участкалык шайлоо комиссияларына белгиленген талаптарга ылайык, шайлоону өткөрүү үчүн бардык зарыл жабдуулар менен камсыз болушун көзөмөлдөөнү күчөтүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, 30-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Ар бир округдан үч мандат үчүн талапкерлер ат салышат. Парламентке 30 округдан 90 депутат шайланып келет.