Шайлоо тутумундагы жаңы өзгөрүү: Округдук комиссиялардын статусу бекитилди

Президент Жүктөлүүдө... 29 Июль 2026 18:35
DST_7824_fv7R0BO.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1).webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 29.07.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. 

Мыйзам 2026-жылдын 24-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. 

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын ортосундагы укуктук карама-каршылыктарды жана боштуктарды, иш жүзүндө колдонулбай, актуалдуулугун жоготкон ченемдерди жоюу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарында белгиленген шайлоо комиссияларынын бирдиктүү системасын унификациялоо болуп саналат.

Мыйзамда төмөнкүлөр каралган:

– "округдук шайлоо комиссиялары" түшүнүгү менен толуктоо жана аларды шайлоо комиссияларынын бирдиктүү системасына киргизүү;

– округдук шайлоо комиссияларынын укуктук статусун, ишин жана аларды түзүү жана таркатуутартибин жөнгө салуучу жоболорду киргизүү;

– "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 22-беренесинде аныкталган аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө тиешелүү болгон укуктук статусту округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жайылтуу;

– укуктук карама-каршылыктарды четтетүүгө жана редакциялык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү киргизүүгө багытталган өзгөртүүлөр. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.