Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Шайлоо системасынын жана тартибин өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоору саясий коррупцияны азайтып, шайланган талапкерлердин жарандардын алдындагы жоопкерчилигин жогорулатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, шайлоо системасынын жана тартибин өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоорунун демилгечилердин бири Улан Примов "Кабар" агенттигине берген маегинде белгиледи.
Анын айтымында, ар биринде 3 депутат шайланган көп мандаттуу 30 шайлоо округунун киргизилиши мажоритардык системанын (шайлоочулар менен түз байланыш) жана көп мандаттуу өкүлчүлүктүн артыкчылыктарын айкалыштырат. Бул шайлоону ачык-айкын кылып, партиялык тизмелердин таасирин азайтат.
"Жаңы ыкма депутаттардын партияларга болгон көз карандылыгын жоюп, саясий коррупцияны азайтып, шайланган чиновниктердин жарандардын алдындагы жоопкерчилигин жогорулатат. Ар бир регион парламентте тиешелүү өкүлчүлүккө ээ болот, анткени депутаттар партиялык тизме боюнча эмес, конкреттүү аймактардан шайланат. Жогорку Кеңеште региондордун кызыкчылыгы көп учурда жабыркап келет, себеби партия лидерлери көбүнчө борбордо же чоң шаарларда топтолот эмеспи.
Ал эми сунушталып жаткан нормаларга ылайык, мандаттарды бөлүштүрүү тигил же бул райондо алынган добуштарга түздөн-түз көз каранды болот. Шайлоочулар кимге кайрылууну билишет, депутаттар калк менен байланышты үзбөйт жана алардын көйгөйлөрүн чечишет", - деди ал.
Примов белгилегендей, мыйзам эл менен бийликтин ортосундагы байланышты чыңдоого, элге депутаттарга таасир этүүнүн реалдуу механизмдерин берүүгө, партиялык монополияны кыскартууга жана жергиликтүү лидерлердин ролун күчөтүүгө багытталган.